Мугалим болуу бала кездеги кыялым эле. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруу тандоосу келген кезде ата-эне, бир туугандарым да педагог болуумду сунушташты. Бул тууралуу Бактыгүл Сагыналы кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында маек куруп жатып айтып берди.
Ал университетти бүтүп жаткан кезде окуу жайда калып, илим жактап, студенттерге билим берүү сунушталганына карабай, өз айылынын мектебинде иштөөнү тандап алганын белгиледи.
"Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бюджеттик бөлүмүн аяктап, кичи мекениме мугалим болуп иштөөгө аттанып жаткан учурумда университет жамааты окуу жайда калып иштесем болорун айтты. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөн баш тарттым. Анткени менин бала кезден берки кыялым өз кичи мекенимде жан дүйнөсү таза наристелерди окутуу болчу. Ошентип Лейлек районундагы мектеп-гимназияда математика сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Бул чечимиме эч өкүнбөйм. Бүткүл күчүмдү жумшап, өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылам. Анткени мугалим өзүн-өзү өнүктүрүп турбаса ийгиликке жетпейт. Ал өзү гана ийгиликтүү адам болбостон билим берип жаткан балдарды да шыктандырып, бийиктиктерге жетелеши керек. "Жылдын мыкты мугалими-2021" сынагында да мына ушундай аракеттеримдин арты менен экинчиликти багындырдым деп ойлойм", — деди Сагыналы кызы.
Ал мугалимдерди биринчи кезекте кесибине болгон сүйүүсү шыктандырарын кошумчалады.