Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин ачылыш аземи өттү. Сүрөт

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылыш аземине эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери, дипломаттар, студенттер катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Венгрияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылыш аземи болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Венгрияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылыш аземи болду
2 / 2
Аземге тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто катышкан
Аземге тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто катышкан. Аны менен катар дипломаттар, ал жакта окуган кыргызстандык студенттер келишкен.
"Венгрияда КР элчилигинин ачылышы эки тараптын ийгиликтүү жана кылдат ишинин жыйынтыгы, ошондой эле мамилелерди өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды", — деди Казакбаев.
Мындан сырткары, министр Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу Венгриядагы элчиликте шайлоо участогун ачуу пландалганын маалымдаган.
Венгрияда Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-сентябрда кол койгон.