Ысык-Көлдө жол кырсыгында Рысбек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду

Кырсык бүгүн эртең менен болду. Милиция айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаасы аласалып кеткенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө Lexus RX 300 унаасы кырсыкка учурап, ичиндеги 84 жана 81 жаштагы аялы менен күйөөсү көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Sputnik агенттигине ишенимдүү адам карыялар белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси экенин билдирди.
Ысык-Көлдө Lexus RX 300 унаасы кырсыкка учурап, ичиндеги 84 жана 81 жаштагы аялы менен күйөөсү көз жумду
ЖКККББнын маалыматына караганда, каргаша бүгүн, 4-октябрда, саат 10:05тер чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 26-чакырымында, тагыраагы, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон.
"84 жаштагы А.А. рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаасы аласалып кеткен. Натыйжада айдоочу жана жанындагы жүргүнчү болуп бара жаткан 81 жаштагы жубайы С.С. менен кырсык болгон жерден көз жумган", — деп билдирди милиция.
Токмокто 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Унаа президенттик аппаратка карайбы?
Окуя Ысык-Көл РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Рысбек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон. Аны Көк-Жар айылында мечиттин алдынан бет капчан кишилер атып кетишкен. Ага чейин Акматбаев адам өлтүрүүгө шектелип, бирок акталган болчу. Ал шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүп, бирок мандат алууга жетишпей калган. Акматбаевдин өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү мезгилге чейин ачыла элек.