Бензин 3,7 сомго арзандашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер сунуш берди

Күйүүчү май боюнча ички рынокто мурдагыдай эле бааны кармап туруу аракети ишкерликке көлөкөсүн түшүрүп, май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп салышы толук мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Бирикмеден кабарлашкандай, октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Россиянын нефть иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет.
"Мындан улам жергиликтүү нефтетрейдерлер чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болот. Мурдагыдай эле бааны кармап туруу аракети ишкерликке көлөкөсүн түшүрүп, май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп салышы толук мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Ички рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз өкмөтүнө октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Тагыраагы, акциз салыгынын ставкаларын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленүүдө.
"Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт", — дешти ассоциациядан.
Россиядан келген бензин азайышы мүмкүн. Адистердин жоромолу
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса нефть иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.
Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда абал КМШ жана дүйнөдөгү кырдаалга салыштырмалуу жакшыраак экени айтылат. Акыркы 15 жыл ичинде бир дагы жолу бензин тартыштыгы катталган эмес. Ошондой эле баа ар дайым дүйнөдөгү орточо нарктан төмөн болуп келген.