Чүйдө өрттү өчүрөм деген кароолчулар күйүк алып, реанимацияда жатат

Жалын мурдагы шарап заводунун аймагынан тутанып, аны өчүрүүгө аракет кылган кароолчулар ооруканага түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түндө Чүй облусунда имараттан чыккан өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган эки кароолчу күйүк алып, ооруканага түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Виноградное айылында мурдагы шарап заводунун аймагында механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан менчик цехтин ичиндеги таштанды, мазут жана дөңгөлөк күйгөн. Өрттөнгөн жердин жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт.
"Өрттү ишкананын кароолчулары өздөрү өчүрүүгө аракет кылып 36 жаштагы К.З. аттуу жарандын бети, мойну жана колу күйүп, 18 жаштагы К.У. денесинин 50 пайызын күйгүзүп алды. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Жалын түнкү саат 03:15те чектөөгө алынып, 05:31де толук өчүрүлдү. ӨКМ өрт электр зымдарынын тийишүүсүнөн улам чыкканын кошумчалады.