Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү

Италиялык актриса жана модель Моника Беллуччи 57 жашка чыкты. Сынынан кетпеген ажарлуу актрисанын жаш кезинен азыркы курагына чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.
Sputnik
Моника Беллуччи 1964-жылы 30-сентябрда Италиянын Читта-ди-Кастелло шаарында жарыкка келген. Ал сүрөтчү менен транспорт компаниясынын кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлүп, жалгыз кыз болгон. Моделдик карьерасын окуу жайынын акысын төлөш үчүн студент кезинде эле баштаган. Маектеринин биринде Беллуччи ошол учурда эле өз алдынча болууга умтулганын айткан. Моделдик карьерасы ийгиликтүү башталган соң ал 1988-жылы Миланга кеткен. Эки жылдан кийин тасмаларга тартыла баштаган.
Ааламга таанылган атактуулардын атасы менен түшкөн 15 сүрөтү
Беллуччи ондогон сыйлыктарга татып, болжол менен 70тей тасмада роль жараткан. Актёрлук карьерасын азыр да улантып жаткан кези. Эки ирет турмушка чыккан, эки баланын энеси.
1 / 15
Беллуччинин жаш кези. 1993-жылы Парижде өткөн мода көрсөтмөсүндө
2 / 15
Голливуд, 2000-жылдын 12-декабры. "Малена" фильминин премьерасына барган актриса. Бул кинодо ал башкы ролду аткарган.
3 / 15
Экинчи жолдошу франциялык актёр Венсан Кассель менен Канн кинофестивалында. 2002-жылдын 24-майы.
4 / 15
2003-жылдын 15-майында өткөн Канн кинофестивалы. "Матрица: перезагрузка" премьерасында франциялык актёр Ламбер Вильсон менен.
5 / 15
Дагы бир тасманын, тагыраагы, "Тайные агенты" фильминин премьерасында
6 / 15
Актриса болжол менен 70тей тасмага тартылган. Анын ичинде "Братья Гримм" тасмасы дагы бар.
7 / 15
Римде өткөн "Я и Наполеон" фильминин премьерасында. Иш-чараны көрккө бөлөгөн Беллуччи.
8 / 15
Актриса Women's World Awards сыйлыгын өөп жаткан учуру
9 / 15
Актриса моделдик карьерасын да таштабай бир нече бренддин жарнамасына тартылган
10 / 15
Британиялык актёр Дэниел Крейг менен
11 / 15
Канн кинофестивалынын ачылышында Моника Беллуччи бийлеп жатып франциялык комик Алекс Лутсту өпкөн
12 / 15
50дөн ашса да сынынан кетпеген Беллуччи
13 / 15
Ал актрисалык карьерасын азыр да улантып жаткан кези
14 / 15
Моника Беллуччи эки ирет турмушка чыгып, эки балалуу болгон
15 / 15
Европанын секс-символу жакында эле 57 жашка чыкты