ЖК: бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин койгондор 70ке жетти

Жогорку кеңешке мажоритардык система менен 36 депутат шайланат. Катышууну каалагандар 13-октябрга чейин БШКга арыз бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бир мандаттуу округдардан талапкер катары Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга ниетин билдиргендердин саны 70ке жетти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
БШК бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди кабыл алууну баштады. Талаптары
Мажоритардык системада 25 жаштан жогорку жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү менен шайлоого катыша алат. Ал үчүн жогорку билим, 100 миң сомдук күрөө талап кылынат. Мурда соттолбогон, кош жарандуулугу жок болуусу тийиш.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.