БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" көркөм тасмасы Россияда өткөн "Киношок" XX кинофестивалында "Толук кандуу тасмадагы мыкты музыка" сыйлыгын алды. Бул тууралуу режиссер Дастан Жапар уулу Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, иш-чара 25-сентябрдан 2-октябрга чейин Анапа шаарында болгон.
"Биздин композитор Баласагын Мусаевди жетишкендиги менен куттуктайбыз. Бул анын алгачкы эл аралык деңгээлдеги сыйлыгы. Өз кезегинде иш-чарага чакыргандыгы үчүн кинофестивалдын уюштуруучуларына да ыраазычылык билдирип кетебиз", — деген Жапар уулу.
"Киношок" — постсоветтик өлкөлөрдүн кинематографтарынын башын бириктирген жалгыз фестиваль.
"Акыркы көч" көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева да продюсерлик кылып көмөктөшкөн.
Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу ата мекендик атактуу актёрлор тартылган. Тасмада улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Анда социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган.
Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.