Мирзиёевдин атынан фейк-аккаунт ачкан адам соттолду

Соттолгон 39 жаштагы эркек киши ушул жылдын март айында Facebook тармагында Өзбекстан президентинин жасалма баракчасын ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Белгилүү социалдык тармактардын бирине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан фейк-аккаунт ачкан адам үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жапаров "фейк" маалымат боюнча чуулуу мыйзамга кол койду
Маалым болгондой, ушул жылдын март айында Ташкент облусунун Чирчик шаарында жашаган 39 жаштагы киши Facebook тармагында Өзбекстан президентинин жасалма баракчасын ачкан. Өлкө башчынын атынан ал өзүн президенттин администрация башчысы катары тааныштырып, жардамга муктаж болгондорго акча үчүн көйгөйүн чечүүнү убадалап турган. Укук коргоо органдары кийинчерээк ал адам ким экенин аныктап, кармаган.