"Россиядагы кыргыздар": Москвада мигранттар үчүн жаңы портал ачылат

Сайт ачуу демилгесин Кыргызстандын РФтеги элчилиги жана Москва бийлиги да кубаттаган. Узаган айдын соңунда мигранттарга арналган порталдын негиздөөчүлөрү өз долбоорун элдин назарына койду.
Sputnik
Данара Курманова
Кыргызстандык мигранттарга россиялык документтерди алуу, расмий өкүлдөргө алардын реалдуу көйгөйлөрүн жеткирүү үчүн бир ресурс керек. Кыргыз коому жана жердештик топторунун лидерлери "Россиядагы кыргыздар" сайтынын ачылыш аземинде ушул пикирди баса белгилешти. Аталган портал дал кайсы маселелерди чечип, Россиядагы кыргыздардын образын кандай өзгөртө аларына Sputnik кабарчысы кызыгып көргөн.

Кыргыздар диаспора алкагынан ашты

"Россиядагы кыргыздар" долбоорунун автору – Москвадагы кыргыз коомунун активисти Гүлназ Опузбекова. Айтымында, сайтты иштеп чыгуудан да аталышын табуу бир топ кыйнаган.
"12 жылдан бери сайттар менен иштеп келем, ошондуктан бул жагы түшүнүктүү. Аталышы боюнча көпкө ойлондук. Адегенде диаспора сөзүн да кошсокпу дедик, бирок кайра айныдык", — дейт ал.
Россияда мигранттар үчүн мобилдик тиркеме 2022-жылы ишке кириши ыктымал
Опузбекованын бул пикирин РФ президентинин алдындагы Улут аралык алакалар боюнча кеңешинин мүчөсү Маргарита Лянге да колдогон. Ал дагы Россиядагы кыргыздар эми диаспора эмес деп эсептейт. Диаспора – бул элдин өз өлкөсүнөн тыш жашаган бир бөлүгү деп түшүндүрөт Лянге. Ал эми Советтер Союзу ыдырагандан бери 30 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында кыргызстандык көп үй-бүлөлөр Россияга жер которуп, жарандык алууга да үлгүрүштү. Ошол менен бирге эле СССР доорунда эле россиялык калааларды байырлаган кыргызстандыктарды эстен чыгарбайлы. Маргарита Лянге буга өз апасын мисал келтирет, ал мурдагы Фрунзеден (азыркы Бишкек – ред. тактоосу) көчүп келген.
"Алардын баары – өлкөнүн жарандары, айрымдары азыр документ топтоп, жакында россиялык жаранга айланат. Баарыбыз чогуу Россияда жашайбыз, анан бул эми кайдан диаспора болсун?" — деп суроо салат Маргарита Лянге.

Жаңы сайттын зарылдыгы эмне?

Порталды иштеп чыгууда Гүлназ Опузбекова сынга да кабылган, жердештик үчүн сайттын кереги эмне дегендер чыккан. Анткен менен кыргызстандыктардын россиялык документтерди толтуруу жөнүндөгү бардык маалыматтар камтылган, түшүнүктүү тилде жазылган бир дагы ресурс жок эле дейт демилгечи.
"Мигранттар, айрыкча жакында эле келген мекендештер менен сүйлөшүп көргүлө. Алар көп учурда СНИЛС же ИНН деген документтерди кантип толтуруу керектигин билишпейт, чындыгында алар жеңил эле иш. Колубуздан келбейт деген ой менен жардам беребиз деген ар кандай алдамчыларга кабылып, болгон акчасын аларга берип отуруп калышат", — дейт Опузбекова.
Жаңы сайт эки: кыргыз жана орус тилдеринде иштемекчи. Документтерди толтуруу тартиби, анын ичинде жарандык алуу жол-жоболору боюнча бардык маалыматтарды табууга болот.
Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт
Бул сайт менен дагы бир маселе да чечилет: Россияга келген чет элдиктер бланктарды туура эмес толтуруп алып, мамлекеттик структуралардын каалгасын бир нече ирет каккылоого аргасыз болушат. "Биз кагаздарды толтуруу үлгүлөрүн жарыялайбыз", — дейт Гүлназ Опузбекова.
Сайт түзүү демилгеси РФтеги Кыргызстан элчилигинен да колдоо тапкан. "Биз элчиликтин жаңылыктарын да сайтка чыгарып турабыз, ошондой эле укуктук чоо-жайын чечмелеп беребиз. Маселен, көпчүлүк документ көйгөйүн чечүүдөн жаа бою качышат, анткени "мыйзамсыз" деген сөздөн чочулашат. Негизи Россияда "мыйзамсыз мигрант" деген түшүнүк жок, "документи жоктор" гана болот. Өлкө аймагына мыйзамды бузуп киргендер гана мыйзамсыз деп аталышат. Ал эми булар көп учурда мыйзамдуу түрдө, туугандарыныкына келишет, тек гана каттоого туруп коюу абзел", — дейт Гүлназ Опузбекова.

Москвалыктар менен байланыш артты

"Россиядагы кыргыздар" сайты "Москва – өз ара түшүнүү аймагы" долбоорунун бир бөлүгү болуп калды. Бул өз кезегинде москвалыктар менен мигранттардын диалогун өнүктүрүүгө багытталган.
РФ президентинин алдындагы Улут аралык алакалар боюнча кеңештин комиссиясынын эксперти Раимкул Аттакуров жаштар арасында спорт, көңүл ачуу программалары көпүрө болорун белгилейт. Анын айтымында, мындай долбоорлор улуттук маданий бирикмелердин активисттери менен Москванын коомдук ишмерлеринин таанышып, кызматташуусуна өбөлгө болот. Маселен, кыргыз жердештик топторунун лидерлери конференцияда "Гвардия" жаштар бирикмесинин башчысы Виктор Тугов менен таанышты.
"Москвадагы кыргыздардын 30 чакты күрөш клубдары бар, ар биринде 100-150дөн киши машыгат. Жалпы алганда канча спортчу экенин элестетип көрүңүз. Бирок алар мелдештерди өз ара өткөрүп, москвалыктар катышпайт. Ал эми "Гвардиянын" Москвада эле 127 спорттук уюму иш алып барат. Биз алардын спортчуларын чакырып, кызматташууга даярбыз", — дейт Раимкул Аттакуров.
Ошондой эле ал эгер жаштар бош маалда спорт менен машыкса, терс жоруктарга барууга убактылары калбастыгын кошумчалады.

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт"

Гүлназ Опузбекова жаңы сайтта Россиядагы кыргыздардын ийгилиги тууралуу баяндар көп болушун кааласа да, көйгөйлүү темалардан кеп козгобой коюуга болбос. Мындай пикирин "Нарын Тенир-Тоо" жердештик тобунун жетекчиси Азамат Адылгазиев билдирди. Ошону менен бирге эле ал аталган конференцияда РФтин Улуттар маселелери боюнча федералдык агенттигине кайрылды.
"Эки административдик айып салынган чет өлкөлүк жаран азыр Россияга кайра кире албайт. Эгер кылмыш иши болсо бир жөн. Бирок метрого кирерде бет кабыңды үйдө унуткан болсоңчу? Ушундай техникалык эреже бузууларга айып төлөнсүн. Эгер өз маалында төлөшпөсө, анда чыгарышсын", — деген сунушун айтты Адылгазиев.
Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы
Сайт эксперттерди издөөдө россиялык журналисттерге да көмөкчү боло аларын боолголойт Маргарита Лянге. Анын пикиринде, айрыкча мигранттар мушташкан учурларда коомдо чыңалууну курчутпоо үчүн эксперттердин пикирлери зарыл.
"Мушташ болгонун угуп, бул тууралуу пикир айтчу кишини таппайсың. Адамдар жакшы окуялар, айталы, улуттук майрам, концерт жөнүндө гана ой кошкусу келет. Улуттук бирикмелердин лидерлери терс окуя болсо да аны түшүндүрүп берүүгө даяр кандайдыр жарандык көкжалдык керектигин түшүнүүгө тийиш. Россиянын миграциялык саясаты – бул эки тараптуу аракет, ошондуктан медиа менен байланыш дайым болушу шарт", — деп баса белгилейт Маргарита Лянге.
Чындыгында бул тигил же бул маселенин ЖМКларда чагылышына өзүнүн таасирин тийгизет.