Мамлекет бир күнү колдойт чыгар. Маслова карьерасын аяктап, кайрылуу жасады

Жөө күлүк мындан ары Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө көп убакыт жана каражат бөлүү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген спортчусу, Азия оюндарынын чемпиону болгон жеңил атлет Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.
Ал Instagram баракчасына пост жазып, спорт тармагында көйгөйлөргө токтолгон.
Маслова 10 жылдык профессионалдык спорт ага чоң тажрыйба, позитивдүү эмоция, күчтүү эрк тартуулаганын жана эл аралык мелдештерди жеңүү, улуттук рекордду коюу мүмкүнчүлүгүн түзгөнүн белгилеген.
"Албетте, ызалануу, кайгыруу жана көз жаш төккөн учурлар болду, эң баалуу ден соолуктан ажырадык. Бирок күнөстүү Кыргызстаныбыздын тарыхына аз болсо да салым кошконума аябай сыймыктанам. Машыктыруучума жөнөкөй бир айылдан келген кызды баатыр кылып өстүргөнү үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жылдар аралыгында ал менин экинчи ата-энем болуп калды", — деп жазды жөө күлүк.
Белгилүү балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады. Сүрөт
Ошондой эле ал мындан ары Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө көп убакыт жана каражат бөлүү керектигин кошумчалады.
"Бизде жеңил атлетикада, сууда сүзүүдө, бокста жана башка жакта көптөгөн таптала элек бриллианттар бар. Улуттук спорт маанилүү, бирок башка түрлөрүн дагы унутпаңыздар. Качандыр бир күнү мамлекет өз баатырларын, өлкө патриотторун көрөт чыгар. Биз албай калган керектүү колдоону көрсөтөт деп үмүт артам", — деди Маслова.
Токио Олимпиадасынан кийин Дарья Маслова "КР дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген ишмери" наамын алган.