Жапаров кыргызстандык соттор айыпталуучуну кандай учурда актай ала турганын айтты

Президент калктын укук коргоо органдарына жана сотторуна болгон мамилесин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мамлекет  башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда сотто акыйкаттуулукка жетүү өтө кыйын экенин белгиледи. Бул тууралуу ал адвокаттардын II съездинде сүйлөп жатып айтты.

Ал "Адвокат сот процессинде чыныгы коргоочубу же адилеттиктин декоративдүү фигурасыбы, Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленгендей, айыптоочу жана коргоочу тараптардын тең укуктуулугуна жетүүгө болобу?" деп суроо салган. 

Жапаров кыргызстандык соттор айыпталуучуну кандай учурда актай ала турганын айтты
"Бүгүнкү күндө бул суроого "жок" деп так жооп берүүгө болот. Жетүү мүмкүн эмес. Анткени биздин соттордо, судьяларда күнөөсүздүк презумпциясы эмес, тергөө материалдарынын аныктыгынын презумпциясы деген түшүнүк үстөмдүк кылат. Сотто акыйкатка жетүү өтө кыйын, анткени терс фактылар далилди талап кылбайт. Адам кылмыш жасаганын далилдөөгө болот, бирок ал аны жасабагандыгын далилдөө өтө сейрек учурларда,  мисалы, алиби кынтыксыз болгондо гана мүмкүн болот", — деген президент.

Анын айтымында, практикада биздин жазык-сот өндүрүшүнүн борбордук стадиясы соттук териштирүү эмес, тергөө болуп калган. Тергөө көп айга созулат, айыптоо корутундусу көп сандагы томдор менен түзүлөт. Судья башынан эле прокурор тарабынан бекитилген тергөөнүн айыптоо корутундусун көчүрүп коёт.

Жапаров жакырлардын укугун коргогон адвокаттардын айлыгын көтөрүүнү тапшырды
"Ошондуктан Жазык-процесстик мыйзамды өнүктүрүүдө башкы максат — кылмыштарды иликтөөнүн жаңы сапатына чыгуу, андан буйрутма иштерди, ойдон чыгаруу жана көрсөтмөлөрдү мажбурлап алуу мүмкүндүгүн берүүчү бардык ченемдерди алып салыш керек деп ойлойм", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жапаров бүгүнкү күндө мамлекеттин алдында укук коргоо жана сот ишин реформалоодон да кыйла татаал милдет турарын айтты.

"Биз адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын өзгөртүшүбүз керек. Сот – бул чындык экенин далилдөөгө тийишпиз. Адамдар сотко бийликке ишенгендей ишенүүлөрү кажет", — деген ал.

Президент бул мамлекеттик милдетти ишке ашырууда Адвокатура маанилүү ролго ээ экендигин кошумчалаган.