Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу окумуштуу, залкар устатты эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөрүп, 15 жашында кичи мекенине кайтып келип билим ала баштайт. Окууга дилгир өспүрүмдүн мектеби Балыкчыда болгон. Ошондуктан окуучу Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына жөө келип сабатын жойгон. 1925-жылы куржунун артынып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келген. Кийин борбор калаада окуп, 1930-жылы медициналык техникумду аяктап Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырат. Эмгек жолун 28 жашында Фрунзе шаардык бейтапканасынын хирургия бөлүмүнөн баштап, 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштей баштайт. Алгач хирургия кафедрасында ассистент, андан соң доцент, кийин кафедранын жетекчилигине чейин көтөрүлүп, жети жылдан соң институттун ректору жана профессору болот.

Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева
Кесиптик ишмердүүлүгүндө Ахунбаев 1959-жылы Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган. Аны кыргыз кардиологдору азыркыга чейин сыймыктанып айтып келишет. Илимий иштерди да байма-бай жазып, алар балдардын сокур ичегисине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Окумуштуунун демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү негизделген.

Жеке жашоосунда жубайы экөө беш баланы тарбиялаган. Улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенген, кызы Нэля менен Медер атасынын жолун уланткан. Неберелери Сталбек — онколог, Алмаз — хирург, Жибек — уролог.

СССР Жогорку Советинин 2-4-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6-чакырылышынын депутаты 1975-жылы автокырсыкка кабылып, андан жубайы, кызы жана күйөө баласы болуп төртөө көз жумган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган окумуштуу жөнүндө кызыктуу лонгрид даярдаган.

1 / 14
Болочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген
2 / 14
Ташкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен
3 / 14
Ахунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган
4 / 14
Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл
5 / 14
Белгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган
6 / 14
Операцияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган.
7 / 14
Окумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган
8 / 14
Небересин эркелеткен илимпоз
9 / 14
Иса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен
10 / 14
Опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар
11 / 14
Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов.
12 / 14
Ахунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон
13 / 14
Илимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон
14 / 14
Эл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон.