Таксисттер Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Видео

Айдоочулар компаниянын юридикалык макамы аныкталышын, ал эми Кыргызстандын аймагында анын өкүлчүлүгүнүн ачылышын талап кылышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкектин таксисттери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Алар кыргыз бийлигинен "Яндекс" такси-компаниясынын юридикалык макамын аныктоону жана өлкө аймагында анын өкүлчүлүгүнүн ачылышын талап кылышты.

Митингге чыккандар алар патент төлөп жаткандыктан кошумча 2 пайыз салык алуу адилетсиз деп эсептешкенин айтышкан. Алардын пикиринде салыкты айдоочулар эмес, "Яндекс" төлөшү керек.

Sputnik Кыргызстан комментарий алуу үчүн компаниянын электрондук дарегине кат жолдоп, жообун күтүп жатат.