БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Кумтөр кенинин иши боюнча отчет берилишин дагы бир ирет талап кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, Конституция боюнча, ар бир адам суроо бергенге укуктуу, бирок ал жакта эмне болуп жатканы туурасында маалымат берилбей жабык бойдон турат.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын буга чейин берген жообун "жооп" деп атоого болбойт. Эмоция менен гана айтылган сөздөр. Элге да, депутаттарга да эч бир маалымат бербептир. Бирок Теңиз Бөлтүрүктүн аффилирленген Кумтөргө белгилүү бир консалтинг кызматтарын көрсөтүп жатканын ЖМКлар жазууда. Ошондой эле "Учкундагы" кеңсесин андан төрт эсе кымбат турган кеңсеге көчүрүүгө даярданып жатканы тууралуу маалымат түшүүдө. Иштери ачык-айкын болбой жатат. Парламент бул маалыматты угушу керек деп эсептейм. Бөлтүрүктүн, экономика жана финансы министринин, УКМК төрагасынын Европага болгон турнеси бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө чакырышыбыз керек", — деди Никитенко.
Мындан сырткары, ал өлкө өтө олуттуу экономикалык сыноонун алдында турганын белгилеп, буга министрлер кабинетинин чыныгы даярдыгы кандай болуп жатканын билүү үчүн өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.
Белгилей кетсек, "Кумтөр голд компани" кендин иши боюнча айтылып жаткан кептерге жооп берип, депутаттарды популист катары сыпаттаган.