Депутат Ибраев Жеенчороевди сыртка чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырды. Видео

Ибраевге жооп берген Жеенчороев аны менен кандай шартта же кайсы жерде болбосун жолугушууга даяр экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев аны сындаган кесиптеши Мирлан Жеенчороевди жекеме-жеке чыгып мушташууга чакырды.

Жеенчороев көз боёмочулук менен алектенген депутаттар Улуттук банкты негизсиз сындап жатканын билдирди.

"Кыргызстан шылуун, көз боёмочулардын чордону болуп калды. Аны бул жакка алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Ар кандай кредиттер алынганына Улуттук банкты күнөөлөп жатат. Ага 30 жылдык саясат күнөөлүү. Ошону айтып жаткан адамдар бүгүнкү күндө ондогон үй-бүлөнү ыйлатып жүрөт. Өзүм күбө болуп "карызыңарды берип койгула" деп айткам. Ошол көз боёмочулар парламенттин трибунасын колдонуп кесипкөй, банк системасын түшүнгөн Толкунбек Абдыгуловго чоң чабуул жасады. Ошол шылуундар президенттин атын жамынып жатат", — деди Жеенчороев.

Бул сөз өзүнө тийиштүү болгонун түшүнгөн Ибраев андай катуу сөздөрдү айтпоого чакырды.

"Мен азыр эки жолду көрүп турам. Сиз менен же соттошушум керек, же эшикке чыгып эркекче сүйлөшүш керек болуп турат. Мындай нерсе эч качан кайталанбашы керек. Урматтуу кесиптештер, жакшынакай сүйлөгөндү үйрөнсөк", — деди Ибраев.

Ага жооп берген Жеенчороев кандай шартта же кайсы жерде болбосун жолугушууга даяр экенин айтты.

Депутат Ибраев Жеенчороевди сыртка чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырды. Видео

"Эгер сиз эркек болсоңуз экөөнү тең далилдеп беришиңиз керек. Ал эми мыйзам астында жооп бере турган болсоңуз юриспруденция биз тарапта болот. Ким, каяктан эмне алганын, эмне менен алектенгенин билебиз. Толкунбек Абдыгулов да кызматтан бошогондон кийин мамлекеттин патриот жараны катары шылуундардын жүзүн ачат деп ойлойм. Ошондо ким элдик трибунаны колдонуп кыйкырып, кандай кызыкчылыкты көздөп жатканын түшүнөбүз", — деди Жеенчороев.

Ошондой эле депутат президенттик администрацияга кайрылып, мындай адамдарды айланасынан тазалоо керектигин айтты.