Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Студенттер Мукай Элебаев, Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев сыяктуу кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тажикстандын Душанбе шаарында бир нече иш-чара өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт

Маалыматка караганда, элчилик "Мекендеш" улуттук-маданий борбору менен биргеликте футбол турнирин уюштурган. Ага Тажикстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Кыргызстандын жарандары катышкан. Жеңүүчүлөр менен катышуучулар кубок жана белектер менен сыйланды.

Душанбеде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Сүрөт
"Мындан сырткары, кыргызстандык студенттердин жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маданий иш-чаралар уюштурулган. Анын алкагында "Курманжан датка" кинотасмасы көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Студенттер Мукай Элебаев, Касым Тыныстанов, Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев жана башка кыргыздын белгилүү акындарынын ырларын окушкан. Ырды мыкты окугандарга Чыңгыз Айтматовдун кыргыз тилиндеги китептери берилди.