Пресс-борбор

Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда кыз-келиндер арасында хоккейди өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Айваз Оморканов — Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти" аталышындагы маалымат жыйынга катышты.

Федерация: хоккейди кыз-келиндер арасында өнүктүрүүнү колго алдык

Ага журналисттер "Кыргызстанда аялдар арасында хоккейге качан көңүл бурулат?" деген суроо узатышкан.

"Ысык-Көл облусунун Отрадное айылында кыз-келиндердин хоккей боюнча командасы түзүлүп, алар борборго чейин келип ойноп жүрүшөт. Бул нерсе бизди бир топ шыктандырды. Азыр Ысык-Көлдөн тышкары Бишкекте жана Нарында хоккей ойногон кыздар бар. Негизи кыздар арасында хоккейдин эркектердикинен бир аз айырмасы бар. Алардын баарын эске алуу менен кыз-келиндерди дагы бул спортко тартууга аракет көрүп жатабыз", — деди Жакыпов.

Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов кыз-келиндер арасындагы Азия кубогуна Кыргызстандан эки команда жиберилерин кошумчалады.