БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Жетекчиге Кыргызстан улуттук курама командасына легионерлерди алуу практикасы уланар-уланбасы тууралуу суроо берилген.
"Азыркы тапта бизде легоинер жок десек болот. Булар келишим боюнча ойногон чет элдик паспорту бар адамдар болуп саналат. Учурда бардык оюнчулар Кыргызстандын жарандары, легионерлерди биз 5-8 жыл мурда тартканбыз. Алар ошол кезде биздин балдардын өсүшү үчүн керек болгон. Бул жакшы жыйынтык берди, биздин спортчулардын деңгээли өстү. Азыр кыргызстандык хоккейчилер дүйнөлүк аренада өлкө намысын татыктуу коргой алышат", — деди Оморканов.
Ал белгилегендей, келерки жылдын март айында Кыргызстанда дүйнө чемпионаты (IV дивизион) өтөт. Ага алты өлкө катышат.
"Мунун өзү биздин өлкөдө хоккейдин өсүп жатканын таануу, бизге болгон ишеним десек болот. Январь айында биздин жаштар курама командасы Мексикада өтүүчү дүйнө биринчилигине барат. Бул — III дивизион. Кыргызстан алгачкы жолу дүйнө биринчилигине катышат", — деди ал.
Оморканов Кыргызстан бир кезде "Азиянын чакырык кубогу" мелдешинен баштаганын, эми дүйнөлүк аренада ойноп жатканын кошумчалады.