Кыргыз-кытай чек арасы 7 күнгө жабылат

Коңшу өлкөдө бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленет. Мындан улам эки өткөрүү пункту жабык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары Кытай тараптын демилгеси менен 1-7-октябрь күндөрү жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта бул күндөрү коңшу өлкөдө Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү белгиленери айтылат.

Өткөрүү бекеттери транспорт каражаттары жана жүк ташуу үчүн 8-октябрдан тарта ишин жанданта турганы белгилүү болду.