Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды. Асмандан тартылган видео

ӨКМ жеринде төрт өрт өчүрүү тобу иш алып барганын айтты. Учурда куткаруучулар жеринде ишин улантып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында чыккан өрт чектөөгө алынды. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жеринен билдиргендей, алоолонгон жалын жок.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 13:03тө төрт бригада тартылган. Адегенде "Империя Пиццы" кафесинин имараты өрттөнгөнү айтылган. Кийин тилсиз жоо ага жакын жайгашкан имаратты жалмаганы аныкталды.

Өрт өчүрүүчүлөр жеринде ишин улантып жатышат. Алар өрттү толугу менен өчүргөндөн кийин урандыларды тазалашат.