Кыргыз сому аукциондо өз наркынан 120 эсе кымбат сатылууда

Буга купюранын 1993-жылы чыккан эң биринчи сериядан экени себеп болду. Учурда IV сериядагы банкноталар колдонулуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. eBay электрондук соода аянтчасында 1 сомдук акча аукционго коюлду.

Анын баштапкы баасы 1,42 доллар (120,4 сом) деп көрсөтүлгөн. Демек, ал өз наркынан 120 эсе кымбат сатылууда.

Буга купюранын 1993-жылы чыккан эң биринчи сериядан экени себеп болду. Учурда IV сериядагы банкноталар колдонулуп жатат.