Мэр Мамбетов Ош шаарынын туристтик брендин түзүү ниетин билдирди

Калаа мэри Ош шаарын Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандыруу ниетин ортого салды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду.

Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген.

"Эки күндүк иш-чара шаарыбыздын туристтик багытына жана инвесторлорду тартуу иш-аракеттерибизге эбегейсиз чоң салым кошот. Тарыхый ордун эске алып Ош шаары Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандырууга ниеттенүүдө. Менимче, өзүбүздүн туристтик продукт жана саякат маркабыз шаарыбызга жүз миңдеген туристтерди тартат. Мунун аркасында биз мурдагы улуулугубузду жандандырабыз жана чакан, орто бизнестин, жалпысынан өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кубаттуу дем беребиз деп ойлойм. Анүчүн баарыбыз жапа тырмак шаардын тейлөө деңгээлин жана туристтик инфраструктурасын жакшыртуу үчүн аракеттерди көрөбүз", — деп айткан Мамбетов.

Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты
Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн. Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Аталган форум жана көргөзмө-жарманке эртең да улантылат.

Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатат. Аны Туризм департаменти жана Ош шаардык мэриясы эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурууда.