Мэр Жунушалиев өчпөй күйүп жаткан таштанды полигонун текшерди. Сүрөт

Калаа башчынын полигонго барышына таштандыларды күйгүзүп, андан чыккан уюлгуган түтүн шаарды каптап жатканы себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең менен таштанды таштоочу жайга барып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын барышына шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагына тигүү цехинен чыккан кездемелердин калдыктарын ыргытып кетип, анын ар жерин күйгүзүп жатканы себеп болгону айтылды.

"Андан уюлгуган түтүн чыгып санитардык полигонду жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштарды каптап, Бишкектин борборуна чейин байкалууда. Азыркы тапта мэриянын кызматтары өрттүн очогун таап өчүрүү жана түтүндүн таралышын токтотууга күч-аракетин жумшап жатат. Айбек Жунушалиев өчүрүү иштерин күчөтүүнү, кошумча техника жана күчтөрдү тартуу тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калаа башчысы эми ар жума сайын таштанды таштоочу жайга барып берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөй турганы белгиленди.

Аны менен катар санитардык полигонду рекультивациялоо жана түтүн чыгып жаткан тилкени консервациялоо ишин аткара турган эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен келишимди бузууну тапшырганы белгилүү болду.