Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

"Даңазалуу доор" сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Кыргызстанга келгендеги көз жоосун алган кийимдери эсиңиздеби? Алар биздин жаш дизайнерлерибиздин бири Айкин Арипованын колунан чыккан.
Sputnik

Биздин маектеш жергиликтүү мода чөйрөсүндө кеңири белгилүү. Sputnik Кыргызстанга курган маегинде чыгармачыл бийкеч ишиндеги сырлары менен бөлүштү.

— Балалыгыңыз кандай өткөн?

— Бишкекте төрөлгөм. Атам профессионал футболчу эле, апам Ленинградда билим алган. Кесиби искусство менен байланышкан. Үйдө тун перзентмин, ошондуктан экөөнүн тең мээримине бөлөнүп өскөм.

Чоң атам небересинин балерина болушун тилек кылып, кичинемде мени көркөм гимнастикага беришкен. Мектепти бир "төрт" менен аяктагам. Химия сабагынан... Бала чагым бактылуу өткөн десем болот.

— Кийим дизайнерлигине кандайча ыктап калдыңыз?

— Эс тарткандан бери эле ушул кесипке кызыкчумун. Апам бала кезде тарткан сүрөттөрүмдү дале сактап жүрөт. Анда өзүмдү дизайнер сезип, подиумдарды, укмуш көйнөкчөн моделдерди тарта берчүмүн...

Кээде ошол "эскиздерди" карап, алардын бирин ишке да ашырсамбы деп калам.

Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

— "Кыргызстан сулуусу" сынагындагы жеңишиңизден кабардарбыз. Моделдик бизнесте калгыңыз келген жокпу?

— Алгач ирет подиумга беш жашымда чыккам, чоң апам мени балдар көргөзмөсүнө алып барган. Он жашымда биринчи сулуулук сынагын уттум. Өспүрүм куракта, кийинчерээк да сулуулук жарыштарына катышып жүрдүм. "Бишкек сулуусу" жана университеттеги сынактар баштан өттү. "Кыргызстан сулуусу" конкурсундагы ийгиликтен кийин "Дүйнөлүк туризм сулуусу" сынагына республиканын атынан чыккам.

Эгерде моделдик кесипти өнүктүрүүнүн арзый турган варианты, мисалы, чет жерге деле сунушталса, чын дилимден уланта бермектирмин. Бирок андай сунуш түшкөн эмес. Клип, фотосессияларга тартылып, билим алууга басым жасадым. Азыр деле кээде чакырып калышат, дизайнер кесиптештеримдин көргөзмөлөрүнө да модель катары чыгып калмайым бар.

— Жаш дизайнер Кыргызстанда кантип өз брендин тааныта алат? Сырттан бизге бул ири каржыны талап кылган күч жеткис иштей сезилет…

— Сөздү ыраактан баштайын. Биз өзгөчө убакта — социалдык медиа доорунда жашайбыз, ар кимдин өз өнөрүн көрсөтүп, таанытууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул күндөн-күнгө артып да барат. Мисалы, Казакстандын Павлодар облусундагы диджей Иманбектин баянын эле алалычы! Анын треги бардык музыкалык саптарда озуп чыгып, "Грэмми" сыйлыгына татыды!

Социалдык медиа аркылуу дүйнөнү музыканттар эле эмес, дизайнер, сүрөтчүлөр да багындырууда... Алгач адам кандай максатты көздөгөнүн түшүнүп алышы абзел. Эгер келечектеги жыйынтыкты так элестете алсаңыз, баары өзүнөн-өзү куралып чыга келет. Кадыресе эле сөздүр, бирок ар бир ийгиликтин өзөгүндө эбегейсиз эмгек жатат. Көңүлүң эңсеп турган иш болсо, жасаганың кубаныч тартуулап турса, ага күч жумшоодон чочулабаш керек.

Кыргызстанда жеке брендин жаратууну каалаган дизайнерлер өз аудиториясын талдап, түшүнүп, башкача айтканда, "кандай жана кимдер үчүн кийим чыгарам?" деген суроого так жооп таап алгандары дурус. Башкысы, баарын жүзөгө ашырууга болорун унуткарбоо зарыл. Маселен, өзүм бул чөйрөгө эч кандай инвестициясы жок эле келгем.

Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

— Алгачкы эмгектериңиздин баалары кандай эле? Азыр Айкин Арипова жараткан кийимдердин наркы канча?

— Жалпы өндүрүшкө караганда ата мекендик дизайнерлик бренддин ортосунда өндүрүмдүн чакандыгын, баанын түптөлүшү жаатында чоң айырма бар экенин түшүнгөн оң. Идея, аны иштеп чыгуу, ылайыктуу кездеме, фурнитурасын издөө убарасы бар, кол эмгеги көп талап кылынат. Ушунун баары процессти абдан татаалдаштырат.

Мерьем Узерлини жашыткан Нурайым Азыкбаева. Видео
Дизайнерлер мени жакшы түшүнөр, кийим дээрлик даяр дегенде да майда бир нерсе, айталы, кемер же топчу жетишпей туруп алган учурлар болот. Бул кымындай эле нерселери, бирок эң маанилүү элементтерин шаарды түрө кыдырып издеп калган учурлар да жок эмес.

Дизайнерлик кийимдин баасы эмнелерден түптөлөрүн адамдар түшүнсө дейм. Биздин брендде ар бир кездеме тазаланат, мисалы, кездеменин биринчи жолку кириши үчүн адегенде ал жуулат. Кийимдердин даяр болушу менен эле иш токтоп калбайт, ченеп көргөндөн кийин аны таанытуу машакаты бар. Ал эми бул – фотографтар, фотостудия, модель, макияж… Айтор, ички чыгымдары толтура. Бул чыгымдарды эсепке албаган дизайнер тез эле сызга отуруп калат.

Албетте, бул ишке алгач киришкенде кийимдерибиздин баасы башка эле, ушул тапта таптакыр бөлөк баалар, бирок так санын айта албайм. Анткени күндө кийилчү кийимдер менен катар ар кандай кече, үлпөт той же кыз узатууга да көйнөктөрдү чыгарабыз. Жылдыздарга да образдарды жаратабыз. Ар башкача линия болгондуктан баасы да ар кыл.

— Жергиликтүү белгилүү адамдардын кимиси менен иштештиңиз?

— Андан көрө иштешпегендерди санаганым жеңилирээк, себеби Бишкек кыйла чакан шаар. Баары бири-бири менен кызматташат, тааныш же достук мамиледе. Кай бирин атоо кыйын. Анан да өз кардарларымды жылдыз жана "жылдыз эмес" деп бөлгүм жок.

— Маектериңиздин биринде ой чабытыңыздан чыккан кийимдердин баары аялзатка арналарын айткан экенсиз...

— Эгер менден "кийинки өмүрдө аял болуп жаралгыңыз келеби же эркек болуппу?" деп сурашса, биринчисин тандамакмын. Ушул турпатым жагат. Кыргызстандык айымдарды өз чыгармачылыгым менен шыктандырып, колдоо көрсөткүм келет. Биз чыгарган кийимдерди кийген ар бир айым гармонияны, өзүнө бекем ишенимди сезгени мен үчүн абдан маанилүү.

Ушул ишти баштагандан бери көйнөктөрүбүздү кийип, болочок өмүр шериктерин тапкан кыздар мага көп жазды. Менимче, мында кеп ал кийимдерде эмес, кыздардын аларды кийгендеги сезимдеринде.

Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

— Дизайнерлик иште эч кимдин оюна келбеген жагдайлар болобу?

— Ар бир кесиптин эч ким туйбаган кыйынчылыгы болот. Дизайнердин ишинде чектелүү убакыт бар, баары ошол акыркы мөөнөттүн тегерегинде жүрөт.

Биздин милдет – белгиленген датага образды жаратып гана үлгүрбөстөн, кездемени, фурнитурасын тандоого жетишүү. Буюртма кылган материал кечигип, кездемелер кемтик менен келген учурлар да көп кездешет. Мында уюштуруучулук жөндөм болбосо иш жүрбөйт. Эстрада жылдызы же тасма тартуу үчүн костюмдарга буюртма алдык дейли, планын иштеп чыгып, дайым кызматкерлер жана кардарлар менен байланышта болушуң шарт. Татаал тарабы жетиштүү, анткен менен бара-бара мындай күнүмдүк иштер адатка айланып калат.

— Командаңызда канча киши эмгектенет?

— Эгер мезгил-мезгили менен кызматташкандарды эсептебей турган болсок, SMM адиси, каржы менеджери, сатуу боюнча менеджерлерди кошкондо 10 кишибиз.

Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

— Азем-салтанаттар азайып, көпчүлүк кыргызстандыктар жумушсуз калган пандемия жылын кандай кечирдиңиз?

— Чындыгында биз үчүн былтыр кыйла ийгиликтүү жылдардан болду. Карантин алдында биз жаңы офлайн-сатык түйүнүн ачууну пландап жаткан элек. Жай таап, имараттын кожоюндары менен да макулдашып койгонбуз. Бирок карантин жарыяланып калды, пландарды өзгөртүүгө туура келди. Анан калса, дал ушул себептен Москвадан алган ири буюртма да үзгүлтүккө учурады.

Ошондо Instagram баракчадан онлайн-сатууга аракет жумшоону чечтим. Өлчөм торчосун, кийим калыптарын, кездемесин ойлонуштуруп, даяр кийим-кечелерди тигүүгө билек түрө кириштим. Пандемиянын айынан көпчүлүк акчадан кыйналып турган, ошондуктан болушунча эл төлөй алчу бааны койгом.

Ал аракетимдин акыбети кайтты! Сатыктын көлөмү дүр этип өсөрүн күткөн жок элем. Болгондо да Кыргызстан ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да ушундай көрсөткүчкө жетиштик.

Мерьем Узерли кийген кийимдердин дизайнери Айкин: актриса төбөмдү көккө жеткирди

— Актриса Мерьем Узерлинин эки кийими дал сиздин колуңуздан чыккан экен. Ушул туурасында кеңири айтып берсеңиз.

— 29-августта долбоордун башкы стилисти Чолпон Чаргынова кайрылды. Кыргызстанга Мерьем Узерли келерин маалымдап, ал үчүн маалымат жыйыны жана иш-чаранын кечки бөлүгүнө ылайыктуу, ушундай өңүттөгү эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга шайкеш кийимдерди даярдоо керектигин айтты.

Актрисанын Instagram баракчасын баштан-аяк карап, катышкан кечелерди түгөл көрүп чыктым. Ага кийим жаратууда баарын: чачын, көзүн, боюн да эске алдым...

Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
Эки сутка ичинде эки образ түзүп чыгып, эскиздерин ага макулдашууга жөнөттүм. Мерьем: "Вау, сонун, ишке киришели!" – деп жооп берди... Өз каалоосуна жараша өзгөртүүлөрдү киргизе аларын айтсам, ага баары эле жакканын билдирди. Командабыз менен актрисанын келишине төрт күн тынымсыз камдандык, дал маалында кийимдерди тигип бүттүк.

Кошумча дагы тигилүү турган топ (кыска кофта) жана шымдарды да кошо даярдап турууну чечкен элек. Италиялык кездемеден тигилген ошондой бир топ Мерьемге өзгөчө жагып, эскизде сунушталгандын ордуна ошону кийип чыкты.

Өзүм күйөрманы болгон бул актриса кийимдердин баарын ала кеткени төбөбүздү көккө жеткирди. Менин ой-демилгелеримдин мындай дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздын да көңүлүнө төп келишине жетине албай турам. Болочокто эл аралык рынокко чыккым келет. Кандай гана чыгармачыл жан болбосун бул орундуу тилек, аны аткарууга умтулам.