Коррупцияга шектелген ЖАМК жетекчисинин орун басары Нуралиев кызматтан алынды

Нуралиев августтун башында кармалган. Анын иш бөлмөсүнөн жана үйүнөн акча каражаты, курал-жарак жана соттолгондор жасаган буюмдар табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев кызматтан алынганын ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка 16-сентябрда юстиция министри Асел Чынбаеванын сунушу менен министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койгон.

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду
Нуралиев августтун башында кармалган. Ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып келгени айтылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.