Талибдер өлүм жазасы менен кол кесүүнү кайрадан киргизүүнү ниеттенип жатат

Талибдердин мурдагы эрежеси боюнча, соттолгон кишини жабыркаган тараптын үй-бүлө мүчөсү башка аткан, ошондой эле уурулукка баргандардын колун кескен.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Талибдер айрым кылмыштар үчүн айыпкерлерди эл алдында өлүм жазасына тартуу жана соттолгондордун колун кесүү эрежесин кайтарууну көздөп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине "Талибандын"* негиздөөчүлөрүнүн бири, молдо Нуруддин Тураби билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Колду кесүү коопсуздукту камсыздоо үчүн өтө керек нерсе", — деп билдирген Тураби.

Анын айтымында, жаңы өкмөт мындай жазаны эл алдында колдонуу туурабы деген маселенин үстүндө иштеп жатат.

Талибдер аялдар үйдө отуруп, алардын ордуна эркектер иштеши керектигин айтты
Мурда талибдер катаал жазаларды колдонушкан. Соттолгон кишини жабыркаган тараптын үй-бүлө мүчөсү башка аткан. Ошондой эле уурулукка баргандардын колун кескен.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган. Ал эми Кыргызстан делегациясы гуманитардык жардам жеткирип барган

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.