Атам менен аялымдын талашынын ортосунда калдым. Айласы кеткен жигиттин каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күч күйөө болуудан кутулуунун жолун издеген жигиттин каты чыкты.

Саламатсыңарбы! Менин психологго кат жазуумдун себеби үй-бүлөмө байланыштуу. Жашым 35те. Үч бир тууганбыз. Мен үйдө улуусумун. Кичинебизден эле атабыздын сөзүн эки кылбай тарбияланганбыз. Иним жана карындашым бар. Иним үйлөнүп, айылда ата-энемдин колунда калган. Карындашым шаарда студент. Үйлөнгөнүмө он жылдын жүзү болду. Өзүмдүн да үч балам бар. Жубайым жалгыз кыз. Кайнатам кеч балалуу болгон экен. Азыр 70тен өтүп калды. Келинчегимди жакшы көрүп калып, артынан жүгүрүп жүрүп алгам. Азыр деле жакшы көрөм. Ооба, анын деле айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Бирок аялзаты катары балдарыма камкор эне болду.

Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты
Бир жылдан бери эле кайнатам бизди бирге турууга чакырууда. Келинчегимдин кесиби врач, ал да "ата-энемдин кашына барышым керек. Жалгыз кызы болсом, көзү өтүп кетсе өкүнүп калам" деп көгөрүп болбой, мени көндүрүп жатат. Келинчегимдин ата-энесине каралашканына каршы эмесмин, каалаган убактысында барып турушун айткам. Бирок биротоло көчүп барууну туура көрбөйм. Анын үстүнө көнгөн үй-жайымды таштай албайм. Алар да өз үйүн калтыргысы келбей жаткандай.

Ал эми өзүмдүн атам кыргыздын салтын сактаган, намыскөй, бетке чабар киши. Ал кишиге кайнатамдын оюн айтсам "күч күйөө болосуңбу, уят эмеспи. Кайнатаң сеникине келсин. Элге балам кайнатасынын үйүнө кирип алган деп айтамбы?" деп урушуп, такыр болбой койду. Анын үстүнө атам мага тээ студент кезимде эле шаарга үй салып берип койгон. Ата-энем кышкысын айылда, жайында шаарда менин үйүмдө турууну көздөгөн.

Аялым азыр үйдө бир күн болсо, төркүнүндө эки күн жүрүп калды. Кайнатамдын да кан басымы бар. Ошентип эки ортодо жүрөм. Ушундан улам уруш да көбөйдү. Келинчегим үй-жайга да көңүл бура албай жатат. Кыскасы, ары эмес же бери эмес арабөк турмуш кечирүүдөбүз. Ошол себептен психологдун да оюн уккум келет.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Туура чечим чыгаруунун жолун издеп психологго кайрылып жатыптырсыз. Сиздердин үй-бүлө үчүн оңтойлуу, эки тарапка тең орток жол табуу үчүн жубайыңыз менен бирге психологго жекече кайрылсаңыздар болмок. Ал кишинин да айтар кебин, сиздин оюңузду да угуп, маселени талкуулап, чечип алууга болор эле. Бул иш ушул бойдон кала берсе, бара-бара ортодогу түшүнбөстүк өсүп, ага эки тараптын ата-энелери да кийлигишип чатакка айланып кетиши ыктымал. "Сенин ата-энең болбогондо тынч эле жашай берет элек, сенин атаң куру намыстанбаганда баары эле жакшынакай бүтмөк" деген өңдүү сөздөр айтылып кетиши ыктымал.

Мен жашагым келип оолугам, карган күйөөм үйдөн чыкпайт. Келиндин каты
Негизи эле кыргыздардын менталитетинде "күйөө бала кайын журтунда жашабайт" деген пикир калыптанып калган. Бирок жашоодо ар кандай болот да. Өзүңүздү кайнатаңыздын ордуна коюп көрүңүзчү, эртең эле балдарыңыз чоңоёт. Сиз да балким карыганда алардын жардамына муктаж болуп каларсыз. Бул жагын да эске алуу абзел.

Мындай маселени дароо негатив менен эмес, жөнөкөйлөтүп кабыл алууга аракет кылганыңыз оң. Атаңызга да кайын журтуңуздун абалын жакшылап түшүндүрсөңүз, ал киши деле туура кабыл алса керек.

Ар бир адамдын күчтүү жана алсыз жагы болот. Адам жакшы сапаттары менен үйдөгү ар кандай маселелерди чечип, жол таап кетет. Ал эми ажырашып, кайра баштан жашоо курууну пландоо — бул алсыздык. Ошол себептен кандай болгон күндө да үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактап калуу керек. Бул маселени кандай чечсеңиздер ал чүрпөлөрүңүзгө да тарбия болуп калат. Себеби бала көргөнүн жасап, ата-энеге карап түздөлөт.