Сот Темир Сариевдин абактагы мөөнөтүн узартты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив
Экс-премьер Кумтөр кенинин иши боюнча экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Ага ылайык, саясатчы 30-ноябрга чейин камакта болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив
Жоомарт Оторбаев менен Асылбек Жээнбеков абакта калтырылды
Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.

Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.