Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министри менен жолукту. Сүрөт

Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Иш-чара учурундагы сүрөттөрдү Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Жолугушууга Масадыковдон тышкары КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев катышкан.
Жолугушуунун чоо-жайы айтылган жок. 

​Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.