БИШКЕК, 23-сен. – Sputnik. Казакстандын калкынын 31 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Жамааттык иммунитетти калыптандырууга кол кабыш кылуу максатында Казакстан коронавируска каршы QazVac вакцинасын иштеп чыкты. Ошентип биздин өлкө өз вакцинасын чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн катарына кирди. Учурда калктын 31 пайызы эмделип бүттү", — деди Токаев.
Ал дүйнөдө саламаттык сактоо тармагындагы жана экономикадагы кризистер вакцинанын элге тегиз жетишине кыйынчылык жаратып жатканына дагы токтолду.
"Биринчиден, вакцинанын бардык адамдарга жеткиликтүү болушуна аракет кылышыбыз керек. Бул — адам баласынын бири-бирине тилектештигинин негизги белгиси. Айрым өлкөлөрдүн тез арада 2 миллион доза вакцина өндүрүп чыгуу демилгесин колдойбуз жана кол кабыш кылабыз", — деди казак лидери.
Мындан тышкары, Токаев кишинин ден соолугуна коркунуч жаратып жаткан факторлорду эске алуу менен былтыр Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүнү сунуштаганын эске салды. Ошондой эле азыр бул долбоорго кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
QazVac вакцинасы Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, жыл башынан бери коңшу өлкөдө кеңири пайдаланылууда. Анын кишини коронавирустан 90 пайызга чейин коргой алары айтылат.