Арменияда ЖККУнун баңгизатка каршы кызматтарынын машыгуусу өтөт

Машыгуу 2021-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун командалык-башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын биргелешип даярдоо планына ылайык өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 24-28-сентябрь күндөрү Арменияда Наркозатка каршы кызматтардын, ички иштер органдарынын жана ЖККУнун Тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн атайын бөлүктөрүнүн катышуусунда "Гром-2021" аталыштагы машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Машыгуу 2021-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун командалык-башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын биргелешип даярдоо планына ылайык өткөрүлөт.

Иш-чаранын биринчи этабында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жана Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы аскерлери татаал рельефтүү тоолуу шарттарда машыгып, тапшырмаларды аткарышат.

Ошол эле учурда ЖККУ күчтөрүнүн атайын штабынын ыкчам курамы менен атайын операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча окуу-машыгуулар өтөрү айтылды.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
Процесс маалында жоокерлер Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн жана Чек ара аскер бөлүктөрү менен биргеликте өз ара аракеттенүү боюнча машыгат. Анда чыныгы согушка жакын болгон шарттарда атайын операцияга катышууга даярданып, көндүмдөрдү аткарышат.

Иш-чаранын экинчи фазасында куралдан атуу боюнча жарыштар өткөрүлөт, ошондой эле атайын күчтөрдүн биргелешкен ыкчам-күжүрмөн топторунун практикалык иш-аракеттерин чечүүнүн жолдорун үйрөнүшөт.