"Сизге бир нерсе табыш оңой эле". Зулушев менен Жээнчороев кайым айтышкан видео

Башкы прокурор депутаттын суроого жооп берип жаткан кызматкерине болушуп аны кекетпей сүйлөөгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев айтыша кетти.

Жыйында президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар кодексин кабыл албай, каршы пикири менен артка кайтарганы белгилүү болду.

Ал маселе каралып жатканда Жеенчороев президент белгилеген калпыстыктар орундуу экенин айтып, бирок кээ бир пунктуларын талкуулоо үчүн макулдашуу комиссиясы керектигин билдирди.

Ошол учурда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору, кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү Азизбек Шүкүрбеков депутаттын сөзүн бөлүп жатты.

Тазабек Икрамов Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоого чакырды. Видео
Депутат "Азизбек мырза, сиз өзүңүздүн башкы прокуратураңызда минтип мээлеп сүйлөңүз" деди. Андан соң башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлүн кекетпей, сыйлап сүйлөөгө чакырып, ал жаш бала эместигин айтты.

"Бул жооп берип жатканда телефондон сүйлөшпөй укпайсызбы", — деп болушту Зулушев өз кызматкерине.

"Мен дагы жаш бала эмесмин, чалып алып "сени издөөгө берем" дегидей. Мен түшүнөм, сиз эбегейсиз бийликке ээ болуп жатасыз. Сиздин "Камчыке (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев — ред.), Мирланга бир нерсе таап берчи, менин тилимди укпай жатат" деген кандай болорун айтып кетейин. Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт", — деди Жеенчороев.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге таап коюш оңой эле" деп жооп берди.

Ал эми депутат бул коркутканы өтпөй турганын айтып, Кудайдан гана корко турганын билдирди. "Келиңиз, бири-бирибизди сыйлайлы, антип сөөмөй кезебеңиз" деди.

Ошол учурда комитеттин төрайымы Наталия Никитенко ортого түшүп, эки тараптын айтышуусун токтотту.