Бүгүн Садыр Жапаров БУУ трибунасынан дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасайт

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бир жума бою БУУнун алкагындагы ар тараптуу жолугушуу жана иш-чараларга катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жалпы дебаттары ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында бүгүн түштө президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулуктун алдында онлайн режимде кайрылуу жасайт.

Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Мамлекет башчынын тапшырмасы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-сентябрда деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Андан соң Өзөктүк куралды сыноого ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишимдин күчүнө киришине көмөк көрсөтүү боюнча конференцияда сүйлөйт. 24-сентябрда Энергетика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо, 28-сентябрда Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуу эл аралык күнүнө карата кеңешмеде болот. Ошондой эле министр БУУнун жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.