Ноокаттын жашоочусунун үйүнөн курал жана ок-дары табылды. Сүрөт

Ош облустук милициясы мыйзамсыз сакталган куралдарды, жарылуучу заттарды милицияга өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ноокат районунда милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дары тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Ноокат районунун 39 жаштагы М.Б. аттуу тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда мыйзамсыз сакталган ИЖ-18 мылтыгы, Калашников автоматынын 9, Макаров тапанчасынын сегиз огу алынган. Андан сырткары, Ноокат районунун башка бир тургунунун үйүнөн бир револьвер алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош облустук ИИБи мыйзамсыз сактап жүргөн куралдарын, жарылуучу заттарды милицияга өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.