Пресс-борбор

4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт

Бош орундар жарманкесинде төрт миңден ашуун жумуш сунушталмакчы. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. 23-сентябрь күнү Бишкекте иш издегендерге бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.

4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

"23-сентябрда Чоңдорду окутуу ассоциациясы менен биргеликте бош орундар жарманкесин өткөрөбүз. Иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында саат 13.00дө башталат. Ага жумуш берүүчүлөр катышып, Бишкек боюнча 3 миң, өлкө боюнча миңдей жумуш орун сунушталат", — деди адис.

Акыркы ирет мындай жарманке 2020-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кийин пандемиядан улам уюштурулбай келген.