Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Коңшу өлкөдө быйылкы жылдын 24-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Өзбек эли беш талапкердин арасынан өзүнө жаңы өлкө башчы тандайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Бул жолку шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлерин каттоого алды.

Мамдумага шайлоо кандай өтүп жатат? Эл аралык байкоочулардын билдирүүсү
Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал өзүнүн "Жаңы Өзбекстан" деп аталган программасында коррупцияга каршы туруу жана көмүскө экономиканы кыскартууга басым жасай турганын айтты. Ошондой эле негизги өнөктөштөрү Кытай, Россия, АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтөрүн билдирди. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен азыркыдан дагы тыгыз иштешүүнү көздөйт.

"Миллий тикланиш" партиясынын атынан чыгып жаткан 46 жаштагы Алишер Кадыров, тескерисинче, Өзбекстандын ЕАЭБ менен кызматташтыгын сындап келет. Ал өлкө башына келсе улуттук каада-салт жана баалуулуктарды сыйлабагандарды административдик жоопкерчиликке тартууну каалайт.

Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы бул ирет президенттикке аял кишинин талапкерлигин сунуштады. 60 жаштагы Максуда Варисова КМШ өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүүнү көздөп жатат. Ошондой эле тамак-аштын арзан, медицина менен билим берүүнүн акысыз болушу үчүн жан үрөмөкчү.

"Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов эски саясатты жакшыртууга басым жасайт. Билим берүү жана жарандардын турак жай маселесин чечүүнү каалай турганын айтты.

Шайлдабекова: былтыр бийлик менен акчанын тиреши шайлоону талкалаган
Экологиялык партиянын өкүлү 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов калкка таза суунун жеткиликтүүлүгүн 90 пайызга чейин көтөрүүнү, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууну кааларын айтты.

Ушул тапта шайлоого байкоочулук кылуу үчүн Өзбекстанга КМШ, ШКУ, ЕККУ сыяктуу биримдиктер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келе баштаганы белгилүү болду.

Коңшу өлкөдө быйылкы жылдын 24-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Өзбек эли жогоруда айтылган беш талапкердин арасынан өзүнө жаңы өлкө башчы тандайт.