Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Курамы

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген. 90 депутат мажоритардык жана преференциалдык система менен шайланат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Маалыматта тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгону айтылат.

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча каражат кетери белгилүү болду
Шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы (Марат Иманкулов — ред.) республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилген.

Ал эми тең төрагасы катары БШК төрагасы (Нуржан Шайлдабекова — ред.) жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри (Дастан Догоев — ред.) дайындалды.

Республикалык штабдын курамына бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана өлкө башчынын облустардагы өкүлдөрү кирген.