БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мирбек Расулов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ал Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Расулов президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн, экс-депутат Урмат Аманбаева фигурант болгон коррупциялык ишти, Темир Сариевдин 2007-жылы депутат кезиндеги контрабандалык ишин жана башка фактыларды тергеген.
Ачык маалыматтарда ал мурдагы парламентарийлер Карганбек Самаков менен Хажимурат Коркмазов айыпталган кылмыш иштерин алып барганы белгилүү болду. Ошондой эле 2003-жылдагы Аксы окуясы боюнча тергөө тобун жетектеген.
Жаңы Конституцияга ылайык, Башкы прокуратурага тергөө функциясы берилет. Апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев башкармалыктын ордуна Тергөө департаменти түзүлөрүн айткан.