Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

Элчи боордоштордун Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген. Ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын айткан.

Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Кыргыз-Пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришкен.

Тараптар Пакистандагы кыргыздардын жана Ала-Тоого көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жашаган жерлерине элчинин жакын арада баруусун макулдашты.