Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт

Sputnik

Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду... Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги көпкө созулганын көрүүгө болот.

Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео
Шайлоочулар Ош, Кант, Каракол жана Бишкек шаарларында добуш бере алат. Шайлоо тилкелери саат 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек.

Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат. Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык экени айтылды.

1 / 12
Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
2 / 12
Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
3 / 12
Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
4 / 12
Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
5 / 12
Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
6 / 12
Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
7 / 12
Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
8 / 12
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
9 / 12
Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
10 / 12
Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
11 / 12
Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
12 / 12
Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык