Кышкы дөңгөлөктү кантип туура тандоо керек. Эксперттин кеңеши

Адис автоунаа кандай жолго айдалса, ошого жараша дөңгөлөктү караштыруу зарыл экендигин да кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Күздүн келиши менен айдап жүргөн автоунаанын дөңгөлөгүн алмаштыруу камы башталат. Адис Константин Епанешников "Прайм" агенттигине аны туура тандоо жана акчаны ашыкча кетирбеш үчүн эмне кылуу керектигин айтып берген.

Алгач дөңгөлөктүн көлөмүнө көңүл коюу керек. Тагыраагы, автокөлүктү өндүргөн компания сунуштаганын гана алуу шарт.

"Айтылгандан бийигин, жапызын, ичкесин алам деп эксперимент кылыштын кереги жок, бул коопсуздукка жана колдонууга өзүнүн таасирин тийгизет. Шина автоунаа менен жолду байланыштырып турган бөлүк экендигин эч качан унутпоо зарыл. Андыктан кышкы дөңгөлөктү абдан дыкаттык менен карап, байкаштырып алуу шарт", — деген эксперт.

Колдонулган дөңгөлөк алып жатасызбы? Эске ала турган 5 учур
Дөңгөлөктүн тикенектүүсү жана тикенеги жогу болот. Ар бир түрдүн өзүнүн артыкчылыгы бар. Анын кайсынысын колдонууну темир тулпарды кайда, кандай жолдо айдай турганыңызга карап анан чечиш керек. Тикенеги барлар жолу жок жерде, карда, тайгалакта жакшы жардамчы, ал эми ачык асфальтта тайгаланышы мүмкүн, буга тикенектеринен улам жерге жакшы отурбашы себеп болушу мүмкүн.

"Тикенексиз дөңгөлөк шаар үчүн ыңгайлуу. Асфальтта кетип бара жатканда ашыкча добуш чыгарбайт, анткен менен тормозду басканда тез токтойт. Башкача айтканда, негизи коопсуздук үчүн баага эмес, анын мүнөздөмөсүнө көбүрөөк көңүл койгон маанилүү", — деген ал.

Буга чейин күз-кышка темир тулпарды даярдоо боюнча адистер айдоочуларга кеңеш берген.