БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Азыркы учурда торт, вафли сыяктуу таттуулардын сырьёсу менен жасоо технологиясына мурдагыдай көңүл бурулбай калды. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Жалпы россиялык кондитердик өндүрүш илимий-изилдөө институтунун адиси Михаил Талейсник билдирди.
"Азыркы десертте колдонулуп жаткан сырьёлордун сапаты төмөндөп кетти. Ага кондитерлер дагы, кардарлар дагы анча маани бербей калды. Жөнөкөй эле мисал, дээрлик бардык таттууларда пайдаланылчу жууган майдын курамында суу 16 пайыздан ашпашы керек. Бирок азыр бул көрсөткүч 32 пайызга чейин чыгып кеткен учурлар бар", — деди адис.
Ошондой эле ал вафлинин түзүлүшүндөгү кемчиликтерди эч ким байкабай калганын айтты.
"Технология боюнча вафлинин 20 пайызы кытырагы, калган 80 пайызы кремден турушу керек. Бала кезде биз ошондой вафлинин даамынан ырахат алчубуз. Азыр жалаң эле кытырагы калгандай", — деди Талейсник.
Сөзүнүн соңунда адис тамак-ашты туура тандап, ден соолукка кам көрүүгө чакырды.