Экс-президент Сооронбай Жээнбеков УКМКда сурак берип жатат

Мурдагы мамлекет башчы "Кумтөр" кенине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка чакырылганы белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип жатат. Маалыматты анын жакындары тастыктады.

Белгилей кетсек, экс-президент 12-августта дагы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр" маселеси боюнча күбө катары чакырылган. Анда премьер-министр болуп турган кездеги "Кумтөр" кенине байланыштуу суроолор берилген.

"Бүгүн дагы биринчи суракта берилген суроолордун айланасында жооп берүүдө. Белгилей кетсек, премьер-министр жана президент катары Сооронбай Жээнбеков "Кумтөр" кенине байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган эмес жана канадалык тарап менен эч кандай макулдашууга кол койгон эмес", — деп билдирди жакындары.

УКМК дагы учурда Жээнбеков суракта отурганын тастыктады.