Холестеринди жок кыла турган азыктар аталды

Медик канда жаман холестерин канчалык аз болсо, жүрөк, кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги ошончо төмөн болорун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Британиялык дарыгер Дебора Ли канда жаман холестериндин деңгээлин тезирээк азайтууга жардам берген азыктарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медик канда жаман холестерин канчалык аз болсо, жүрөк, кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги ошончо төмөн болорун белгилеген.

"Холестерин туура эмес тамактанган учурда көбөйөт. Бирок айрым убакта бөйрөк ооруганда, гипотиреоз, ашыкча салмак, нерв анорексиясы, чылым чегүү, ичимдик көп ичүү, ал тургай тузду көп колдонууда да көбөйүшү мүмкүн", — деген Ли.

Этти канча жегенден кийин ден соолукка зыяны тие баштайт. Диетологдун кеңеши
Медик майлуу эт, колбаса, сырды жаңгактын түрү, зайтун, кунжут майларына, кызыл балык, канаттуунун этине алмаштырууну сунуштаган.

Адис клетчатка да холестерин менен күрөшүүгө жакшы жардам берерин белгилеген.

"Ак нандын ордуна кара нан жеп, күрөң күрүч, тазаланбаган макарон колдонгон оң. Ошондой эле холестеринди тазалоого сүт азыктары, йогурт да пайдалуу", — деген дарыгер.

Ли бул азыктар менен катар эле дары-дармек ыкмасы менен да холестеринден арылса болорун кошумчалаган.