Бишкекте балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Сүрөт

70 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн 10 палатасы интенсивдүү терапияга карайт. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Имарат беш кабаттуу экени айтылды. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.

70 орунга ылайыкташкан бөлүмдүн 10 палатасы интенсивдүү терапияга карайт. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар экени айтылды. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

"Эми балдар онкологиясынын өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты жана реанимациясы болот. Мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30 пайызын түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү, жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана жылыштар байкалып, өлүм санын азайтууга мүмкүн болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Аравиясынан меймандар катышты.

Кыргызстанда рактан жабыркаган балдар улуттук протокол боюнча дарыланат
Өз сөзүндө Садыр Жапаров бүгүнкү иш-чаранын саламаттык сактоо тармагынын тутуму үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта онкологиялык оорулар көбөйүп, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кырдаал курч бойдон турат.

"Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун атайын клиникасынын базасында балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн ачылышы балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүдө чоң кадам болуп саналат. Аталган бөлүм аркылуу алдын ала дарылоо жана кичинекей бейтаптарыбыздын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жакынкы келечекте ийгиликтүү жүзөгө ашарына ишеним артабыз", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле залал шишикти дарылоонун кийинки баскычтарында иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Ар бир муктаж балага кол сунуп, алардын өмүрү үчүн күрөшүүдө колубуздан келгендин баарын жасашыбыз керек! Ал үчүн заманбап медициналык технологияларды тартып, жаңы ыкмаларды пайдаланып, илгери үмүт жана терең ишеним менен балдар онкологиясынын ишин өнүктүрүүгө милдеттүүбүз", — деп белгиледи президент.

Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.