Кол салган кушту тоголото сүзүп, тоокту сактап калган текенин видеосу

Чакан фермалардын биринде асмандан кол салып, тоокту илип кетүүгө аракеттенген карчыга куштун короз менен теке шаштысын кетирип, акырында качууга мажбур кылган.
Sputnik

Чакан фермалардын биринде асмандан кол салып, тоокту илип кетүүгө аракеттенген карчыга куштун короз менен теке шаштысын кетирип, акырында качууга мажбур кылган.

National Geographic Россия" сайты бул кызыктуу окуя Нидерланддардагы чарбалардын биринде болгонун жазды.

Байкоо жүргүзүп туруу үчүн орнотулган камерага түшкөн бул нерсе адам эмес, айбандарда да биримдик, кооптуу учурда жардамга келүү сезими бар экендигин көрсөткөн.

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу
...Тосулган айдыңда кукулуктап бейкапар оттоп жүргөн тоокту кайдан-жайдан келгени белгисиз куш качырып сала берген. Экөө алышып, жүндөрү чар тарапка учуп калганда биринчилерден болуп жардамга короз чуркаган. Ал кушту чокулап, кандуу чеңгелинен тоокту куткарып алууга аракет кылган. Бир аздан кийин оттоп жүргөн Бруин аттуу теке чуркап келип, "короолошун" мыкчып, тырпыратып жаткан "душманды" тоголото бир нече ирет сүзгөн. Мындай каршылыкты күтпөгөн карчыга куш тоокту илип кетмек турсун, кара жанын араң алып качып, далбастап учуп кетип кутулган.

Видео ажалдан калган тоок менен анын шериги короздун кепесине кире качып, ал эми катуу кармаштан улам ала салып кеткен Бруиндин эч нерсе болбогондой туруп кетип бара жатканы менен аяктаган.

Ферманын ээси 59 жаштагы Яап Битс (Jaap Beets) бул жерди байырлаган жети жылдан бери жапайы куш үй канаттууларга кол салган төртүнчү окуя экенин айтып берген.