Балдары 18 жашка толгондон кийин ата-эне жооптуу болгон бардык укук жана милдеттеринен бошотулат. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, жарандар 21 жаштан жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин коё алат.
"Бала 18 жашка толгондон тартып бардык укук жана милдеттерин аракеттери аркылуу ишке ашыра алат. Бул курактан тарта алар бардык иш аракеттери үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Демек, ата-эне жооптуу болгон бардык укук жана милдеттеринен бошотулат. 18 жаштагылар ата-эненин, камкорчунун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу жок турмуш курууга укуктуу. Мындан тышкары, шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болот. Буга утурлай эле 18ге толгондор өзүнөн 16 жаш кичүү баланы багып алууга укуктуу. Ата-энеси же камкорчусунун катышуусуз милиция тарабынан суракка алынат. Ичимдик жана тамеки сатып алууга уруксат берилет. Насыя же ижара келишимдери түзүлсө, анын шарттарын аткарууга милдеттүү. Насыя алууга мүмкүндүк берилет. Кылмыш-жаза укугу боюнча бойго жете элек бала катары каралбайт жана күнөөлөнгөн учурда жалпы эрежелер боюнча айыпталат", — деди Бакиров.
Юрист жарандар Жогорку Кеңешке талапкерлигин 25 жашка толгондо коё аларын кошумчалады.