Ак илбирс, чүткөр, түлкү… Баткенде фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү

Кыргызстандын түштүк аймагындагы эки жаратылыш коругундагы жаныбарларды 40тан ашык фотокапкан тогуз ай бою сүрөткө тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.

"20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду", — деди Эсенбаева.

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу
Ал белгилегендей, 2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери "Сүрмө-Таш" жана "Саркент" коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан.

"Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган", — деди Эсенбаева.

NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.

"Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Ак илбирс байырлаган аймак өнөктөш жаратылыш уюмдары менен биргеликте изилденип жатат. Биздин негизги максат — Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин санын аныктоо", — деди Асыкулов.

"Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 66 194 гектар.

"Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 40 миң гектар.