Бишкек мэри Үмүтбектин атасына үй кайсы жерден берилерин айтты

19 жашында дүйнө салган Үмүтбектин үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилет. Бишкек шаарынын мэри берилген убада кечиктирилгени үчүн кечирим сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев октябрь окуяларында курман болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун эжеси менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Калаа башчысы маркумдун атасына берилет деген батир кечиктирилип жатканы үчүн кечирим сурады. Ал бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрда өтө турган жыйынында карала турганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия Тунгуч кичи районундагы Анкара көчөсүндө жайгашкан үйдөн батир берүү боюнча токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жөнөткөнү айтылды.

"Токтом долбоору бекитилери менен Муниципалдык мүлк башкармалыгы 65,9 чарчы метрлик эки бөлмөлүү батирди өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт", — деди мэриядан.

Октябрдагы митингде каза болгон Үмүтбек Акыйкат медалы менен сыйланды
Буга чейин президенттин администрациясы Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир кээ бир аткаминерлердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам берилбей калганын билдирген.

19 жаштагы Үмүтбек 2020-жылдын октябрында Ак үй алдындагы элдик толкундоолордо милиция менен митингчилердин кагылышуусунан каза болуп, 8-октябрда туулуп-өскөн кичи мекенинде жерге берилген.

Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Ал Бишкекте кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан болчу.